
25-июнда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге карата оор айыптоолорду койду. Ал мамлекеттик мүлктүн максатсыз пайдаланылышы боюнча көптөгөн арыздар тууралуу маалымат берди жана прокуратураны бул жагдайга кийлигишүүгө чакырды.