Ош шаарында бүгүн өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын 100 жылдыгына жана Кыргызстан куткаруу кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чараны Ош шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурду. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев, кызматтын ардагерлери, ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын калкты коопсуздугун камсыздоодогу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле кызматтын тарыхы жана анын келечектеги милдеттери талкууланды.
Өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жаткан мыкты кызматкерлерге сыйлыктар, ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар тапшырылды. Кызматтын ардагерлерине өзгөчө урмат көрсөтүлдү.
Мерекелик программа концерт менен аяктады.