Бишкекте Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ОсОО «Маткасым» компаниясы ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Документ биринчи вице-министр Жеңиш Сейдалиев жана ОсОО «Маткасым» компаниясынын башкы директору Убай Маткасымов тарабынан бекитилди.
Меморандумдун негизги максаты калк арасында экологиялык маданиятты биргелешип өнүктүрүү, калдыктарды бөлүп чогултууну популяризациялоо жана «Ноль калдыктар» (Zero Waste) принциптерин киргизүү болуп саналат. Тараптар айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш алып барууну пландаштырууда.