

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кесиптик ишинин сапатын баалоо комиссиясы төрт жылда бир жолу туруктуу баалоо жүргүзөт. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Айгуль Уметова «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Ал комиссия Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин алдында түзүлгөнүн белгиледи.
Комиссиянын курамына жети судья кирет: алардын үчөө Судьялар Кеңешинин мүчөлөрү, төртөө болсо беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар иштеп жаткан судьялар. Жогорку жана Конституциялык соттун судьялары бул баалоого кирбейт, ошондой эле 20 жылдан ашык убакыттан бери сот системасында иштегендер да кирбейт.