Германиянын Хекстер шаарында сууга чөгүп, Кыргызстандын жараны трагедиялуу түрдө каза болду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, окуя 2026-жылдын 23-июнунда болгон.
Зардап тарткан 2008-жылы туулган жаран Германияда Ferienjob программасынын алкагында сезондук эмгек иши үчүн иштеп жаткан. Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жергиликтүү бийликтер, жумуш берүүчү жана каза болгон жарандын туугандары менен активдүү кызматташып, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Дипломатиялык өкүлчүлүк зарыл документтерди даярдоо жана дененин мекенине кайтарылышын уюштуруу маселелери менен алектенүүдө.