Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги быйылкы жылы жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн минималдуу өтүү баллдарын өзгөртпөй турганын чечти. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айнура Исираилова "Биринчи радио" эфиринде билдирди.

Бюджеттик орундар жана контракттык билим алуу үчүн негизги тест ОРТ боюнча минималдуу балл 110, ал эми предметтик тесттер боюнча — 60 баллды түзөт.