Кытай компаниялары Кыргызстанда карбамид жана азоттуу тыңайткычтар өндүрүү үчүн завод куруу боюнча демилге сунушташты. Бул маалымат Су ресурстары жана айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматында айтылды.

Министр Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жумушчу сапарынын алкагында бир нече кытай компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Негизги көңүл инвестициялар, өндүрүш жана кайра иштетүү боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерине бурулду.