Тон районунда суу коргоо зонасында мыйзамсыз тосмолор аныкталды


Ысык-Көл облусунун Регионалдык башкармалыгынын инспекторлору «Беркут» каналынын суу коргоо аймагында текшерүү жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө алар жергиликтүү тургундардын суу коргоо зонасында мыйзамсыз тосмолорду жана коргоо тосмолорун куруу боюнча мыйзам бузуу фактыларын аныкташты, деп билдирет КРнын Азык-түлүк жана айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы.