Кыргызстанда зергердик тармак үчүн уникалдуу шарттар түзүлгөн, бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешов билдирди. Ал акыркы жылдары бул секторду өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү чаралар кабыл алынганын белгиледи.

Негизги чечимдердин арасында зергерлер үчүн салык ставкасын 0,25% га төмөндөтүү кирет. Ошондой эле, зергердик өндүрүш үчүн зарыл болгон жабдууларды жана технологияларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу киргизилди. Бул кадамдар аталган тармактагы ишкерлердин жашоосун кыйла жеңилдетет.