Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Бообек Ажикеевдин министр кезиндеги ишмердүүлүгүн текшерүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков 25-июндагы парламент отурумунда талап кылды. Ал экс-министр иштеп турган учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын жарандар айтып, кайрылып жатышканын билдирди."Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгү боюнча мага өтө көп арыздар түштү. Ал өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турган кезинде министрликке бөлүнгөн техниканы жеке...