Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу тармактагы төрт булакка таянып Reuters агенттиги жазды.Агенттиктин маалыматына ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 25% азайды.Казакстандын бийлиги азырынча мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий түрдө четке кагууда. Өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов Москвадан күйүүчү май жеткирүү боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн...