Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков менен Улукбек Узакбаев социалдык тармактарда парламентке жана айрым депутаттарга айтылган сын-пикирлердин артына ким турганын иликтөө демилгесин көтөрүштү.Максат Алымбеков спикердин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында аткарылган иштер боюнча отчёту жана “75чилердин катына” байланыштуу соцтармактарда фейк аккаунттар туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп эсептейт.“Боттор иштеп баштады. Аларды карап отурсаң депутаттардын...