Майданда, Кадамжай районунда, жаңы социалдык шаарчаны куруунун башталышын символдоштурган убакыт капсуласын коюу иш-чарасы өттү. Иш-чарага өлкөнүн президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, ошондой эле "Ассанабиль" кайрымдуулук фонду жана Кувейттин "Шейх Абдулла Нури" уюмунун өкүлдөрү катышты.
Проект 60 үй-бүлөгө турак жай, 220 окуучуга арналган мектеп, 60 орундуу бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, тигүү цехи, мечит жана дүкөн курууну камтыйт.
Курулушту каржылоону Кувейттин "Шейх Абдулла Нури" уюму жүргүзөт. Курулуш иштеринин жыл ичинде аякташы күтүлүүдө. Проект аяктагандан кийин социалдык шаарча аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдүн турак шарттарын жакшыртууга багытталат.