Националдык виртуалдык активдер агенттигинин жетекчиси Фархат Иминов Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев тарабынан инвесторлордон акча талап кылуу боюнча коюлган айыптоолорду четке какты. Иминов депутат тарабынан берилген маалыматтын чындыкка дал келбестигин билдирүүдө.
Ал мамлекеттик трибунадан тастыкталган маалыматты таратууну кабыл алууга болбой тургандыгын белгиледи. "Нурбек Сыдыгалиевди менин аброюмду түшүрүү жана бизнес репутациямды бузуу менен кызыкдар адамдар алдашы мүмкүн", — деди Иминов.