
Бишкекте 26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбордун мэриясы маалымдады.
Чектөө Коперник, Поваринская, Тыналиев, И. Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакка тиешелүү.
Суу камсыздоонун токтотулушунун себеби Коперник көчөсүндө жайгашкан 200 мм диаметри бар суу түтүгүндө пландалган авариялык калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшү болуп саналат.
