```html
Кыргызстандын өкмөт башчысынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда болуп, «Кытай – Евразия» 9-чы көргөзмөнүн ачылышына катышты. «Жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн Жибек жолу — Евразиянын жаңы энергиясы» деген ураан менен өткөн иш-чарада Казакстан, Кытай жана Пакистандан жогорку даражадагы өкүлдөр, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын катышуучулары чогулду.
Акунбеков көргөзмөнүн павильондорун кыдырып, катышуучу компаниялардын товарлары менен таанышып, расмий аземде сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө көргөзмөнүн Кыргызстан үчүн Кытай жана региондогу башка өлкөлөр менен соода мамилелерин бекемдөө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.