Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин бүгүнкү жыйынында президентке жана УКМК жетекчилигине ыраазычылык билдирип, "саясий жылуулуктун" алкагында бошотулган төрт жарандын - Бакай Кудайбергеновдун, Эсен Мусаевдин, Абай Садыралиевдин жана Бактыбек Балтабаевдин атын атап өттү. Ошону менен бирге Аскат Жетигенди да бошотуу суранычын айтты.