Искусственный интеллект (ИИ) улуттук маданиятка жана идентичностьке болгон таасири боюнча көптөгөн суроолорду жаратат. Бул контекстте 24.kg редакциясы AIRUN компаниясынын негиздөөчүсү Чынгыз Арзиев менен ИИнин кыргыз тилин жана маданиятын сактоодогу ролу тууралуу суроолорду талкуулады. AIRUN кыргыз тили үчүн искусственный интеллект чөйрөсүндө чечимдерди сунуштаган отандык платформа болуп саналат.
Компания бир катар технологияларды иштеп чыкты, анын ичинде чоң тил моделдери, сүйлөмдү таануу жана синтездөө системалары, ошондой эле ИИ-көчүргүч жана санарип аватарларды түзүү үчүн платформа.