
Бүгүн Жогорку Кенештин кезектеги сессиясы аяктады, депутаттар жайкы каникулга кетишти. Жыйында парламенттин спикери Марлен Маматалиев сессиянын жыйынтыктарын чыгарып, депутаттык корпусунун жетишкендиктерин санап өттү.
Ал өз сөзүндө сессиянын алкагында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган көптөгөн маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи. Бул жылдын башынан бери Жогорку Кенеш 145 мыйзам долбоорун карап, алардын 94ү президент тарабынан кол коюлган.
Депутаттар сентябрда, жайкы тыныгуудан кийин, өз иштерин улантышат.