```html
Бүгүн, 25-июнда, Алматыда Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) жылдык жыйыны өттү, ага Кыргызстан Республикасынын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков катышты. Иш-чарада банктың 2025-жылдагы ишинин жыйынтыктары, ошондой эле 2022–2026-жылдарга арналган ЕАБР стратегиясынын аткарылышы жана 2027–2031-жылдарга арналган жаңы өнүктүрүү стратегиясы талкууланды.
Сыдыков өз сөзүндө ЕАБРды 20 жылдыгы менен куттуктап, анын экономикалык кызматташтыкка, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана региондогу инвестициялык долбоорлорго кошкон маанилүү салымын белгиледи.