Кыргызстандын мамлекеттик камсыздандыруу уюму өткөн жылы жарандарга 400 миллион сомдон ашык төлөмдөрдү жүргүздү. Уюмдун төрайымынын орун басары Алина Нурланова бул маалыматты «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда бөлүштү. Ал уюм камсыздандыруу окуялары боюнча өз милдеттерин ыкчам аткарып жатканын белгиледи.

Нурланованын билдирүүсүнө ылайык, өткөн жылдан бери жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 400 миллион сомдон ашык, анын ичинде транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу полистери боюнча 100 миллион сомдон ашык каражат бар. Учурда республика боюнча 7 миллион сомдон ашык төлөмдөр жүргүзүлүүдө, анын 3 миллиону Бишкекке туура келет.