Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-июнда жумушчу сапары менен Нарын облусуна барып, Ак-Тал районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда жарандар укуктарды коргоо, соттук иштер, жер мамилелери, ошондой эле социалдык инфраструктура жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Райондун тургундары айрым сот иштеринин жана укук коргоо органдарынын иши боюнча тынчсызданууларын билдиришти. Алар сот чечимдерин кайра карап чыгуу жана тергөө мыйзамдуулугун текшерүү боюнча өтүнүчтөрүн беришти. Президент мындай маселелерди мыйзамга ылайык карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү органдарга ар бир кайрылууну кылдаттык менен изилдөөнү тапшырды.