
Кыргызстандын ГКНБнын Аскердик-медициналык кызматында 25-26-июнь күндөрү «Тянь-Шань: Эндоскопиянын жаңы горизонттору» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чара Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн эндоскопиялык жана аз инвазивдүү хирургия тармагындагы жетекчи адистерин чогултту. Конференциянын негизги максаты — тажрыйба алмашуу жана заманбап хирургиялык дарылоо ыкмаларын киргизүү.
Конференциянын алкагында Аскердик-медициналык кызматтын хирургдары башка өлкөлөрдүн кесиптештери менен биргеликте мастер-класстарды жана демонстрациялык операцияларды өткөрүшүүдө. Эндоскопиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүүнүн актуалдуу ыкмалары талкууланууда, бул дарыгерлерге өз билимдерин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.