Орусиянын армиясы 25-июнга караган түнү Украинанын Сумы, Запорожье жана Днепропетровск облустарына баллистикалык ракета жана сокку уруучу дрондор менен чабуул жасады. Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия бир "Искандер-М" ракетасын жана 90 дрон учурган. Алардын 83ү абадан атып түшүрүлгөн.Сумы шаарында таңкы саат алты чамасында дрон май куюучу жайга тийип, өрт чыккан.Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдиргендей, чабуулдан төрт адам...