
Бишкек Ала-Тоо аянтында ар жума күнү жана жекшемби күнү өтүүчү музыкалык кечелерди улантууда. Шаардык мэрия бул иш-чаралар баш калаанын тургундарына искусстводон жана өлкөнүн мыкты чыгармачылык топторунун музыкалык көрсөтүүлөрүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
26-июнда саат 19:00дө аянтта «Семетей» ыр жана бий ансамбли жана «Акак» комузчулар ансамбли чыгышат. Кеченин программасында элдик мелодиялар, комузда виртуоздук аткаруулар, ошондой эле кыргыз маданиятынын байлыгын баса белгилеген жаркын вокалдык номерлер жана улуттук бийлер пландаштырылган.