Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык «Beta» брендинин директорлор кеңешинин төрагасы Бешир Угур менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен «Бета» компаниясы ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Адылбек Касымалиев компаниянын өкүлдөрүнө өлкөгө болгон кызыгуусу жана биргелешип иштөөгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын карап, регионалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорго көңүл бурушту.
Социалдык маанидеги объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелери да талкууланды, бул Кыргызстандагы ар кандай аймактарда жашоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшө алат.