Ош шаарында «Жибек-Жолу» муниципалдык аймактык башкаруусунда эски электр устундарын жаңылоо башталды. Мэрияда белгилешкендей, бул тема мэр Жанарбек Акаевдин район тургундары менен болгон жолугушуусунда талкууланган.
Бүгүн, 25-июнда, мэрдин орун басары Эрнис Толтоев жумуштун жүрүшүн текшерди. Пландарга ылайык, бул аймакта 300дөн ашык электр линиясынын устундары алмаштырылат, эки жаңы трансформатордук подстанция орнотулат жана электр зымдары жаңыланат.