Тон районундагы Регионалдык акклиматизация жана балык чарбачылык бөлүмүнүн кызматкерлери 24-июнда Ысык-Көл көлүнө карп-сазан балыктарынын уяларын чыгаруу иш-чарасын өткөрүштү. Бул иш-чара Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.
Иш-чарага Туристтик-экология милициясынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Тон районунун айыл чарба өнүктүрүү жана ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын максаты Ысык-Көл көлүн балык менен толтуруу болду.