Жогорку Кенеште мыйзам долбоорунун бекитилиши


25-июнда Жогорку Кенеш "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда бекитти. Бул документтин демилгечиси депутат Азамжан Джалилов.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты — мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандар ортосундагы өз ара аракеттешүүнү санариптештирүү шарттарында жакшыртуу.