Президент Садыр Жапаров 25-июнда Джалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Тогуз-Тороу районунда Казарман ГЭСтер каскадын куруу үчүн убакыт капсуласын салды. Мамлекет башчысы Нарын дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалы совет мезгилинде изилденгенин белгиледи.
«Ал убакта Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясындагы эң ири гидроэнергетика долбоорлорунун бири катары каралган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында экономикалык кыйынчылыктардан улам, бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес. Бүгүн, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча аракеттердин алкагында, биз Казарман ГЭСтер каскадын курууну баштайбыз», - деди президент.