Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапар менен барып, Ак-Тал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана келечеги менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
Сапар учурунда райондун акими Мирлан Камчыбеков жетишилген жыйынтыктар тууралуу айтып берди: 2021-жылдан 2025-жылга чейин райондо үч мектеп, эки бала бакча, үч фельдшер-акушердик пункт, райондук оорукананын жана эки спорт залдын курулушу пландалууда.