Иссык-Куль көлүнө 3,7 миллион карп-сазан балыгы чыгарылды. Бул иш-чара 24-июнда Тон районунда өтүп, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган.
Балыктарды чыгаруу регионалдык акклиматизация жана балык чарба өндүрүшү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Балыктарды чыгаруу көлдүн үч балык чарба участкасында атайын комиссиянын көзөмөлүндө өттү, анын курамына экологиялык жана укук коргоо кызматтарынын өкүлдөрү кирди.