1-июлдан баштап чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар Орусияга кирүү үчүн «Госуслуги RuID» тиркемесин колдонушу керек болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов “Биринчи радиого” 25-июнда билдирди.Байбосовдун сөзүнө караганда, Орусияга иштөө, окуу же башка максат менен бара турган кыргызстандыктар 72 саат мурда тиркеме аркылуу электрондук арыз тапшырышы керек.Арыз жактырылгандан кийин берилген QR-код чек ара...