Бишкек шаарынын мэриясы Васильевский тракт боюнча дарактарды кесүүгө тиешеси жок. Мындай маалыматты шаардык муниципалитет билдирди.
Күндөрү "Манас" аэропортуна алып бараткан трассада дарактарды кесүү башталды. Аэропорттун өкүлдөрү айрым дарактарды көчүрүп отургузуу пландалып жатканын, ал эми тополдор жолду кеңейтүү жана айланма жол куруу үчүн кесилерин билдиришти. Ошол эле учурда, дарактарды кесүү ишин Бишкек мэриясы жүргүзүп жатат деп айтылган.