Молдова маданият министрлиги ТМД өлкөлөрүнөн келген артисттердин республиканын аймагында чыгышы сунушталбаган тизмесин жарыялады. Тизмеде «Түнкү снайперлер», «Ленинград», «Руки вверх», Леонид Агутин, Клава Кока, Егор Крид, ошондой эле рэпперлер Icegergert, Макан, Баста, Гуф жана Моргенштерн, комик Нурлан Сабуров да бар.

Ведомстводо бул артисттердин чыгышына тыюу салынбаганын, бирок аларды чакырган уюштуруучулар иш-чараларды өткөрүүдө кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн экенин баса белгилешти. Министрлик ошондой эле чакырылган артисттер үчүн кирүүгө четтетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.