1-июлдан баштап, Кыргызстандыктарды кошкондо бардык чет элдик жарандар Россияга кирүү үчүн «Госуслуги RuID» тиркемесин колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин орун басары Алмаз Байбосов «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Россияга жумушка, окууга же башка себептер менен сапар тартууну пландап жаткан кыргызстандыктар, келгенге чейин 72 сааттан кечиктирбестен, аталган тиркеме аркылуу электрондук арыз бериш керек.
Бекитилгенден кийин, чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда берилген QR-кодду көрсөтүү зарыл. Эгерде жакын тууганыңыз ооруп калса же каза болсо, арызды өлкөгө киргенге төрт саат калганда берүүгө болот.

6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн арызды ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү толтурат, алар да Россияга кирүү үчүн күчүндө болгон уруксатка ээ болушу керек.
«Госуслуги RuID» тиркемеси App Store, Google Play, RuStore жана AppGallery дүкөндөрүндө жүктөп алууга жеткиликтүү. Ал өткөн жылы чыгарылган жана азыркы убакка чейин тесттик режимде колдонулуп келген.