Нарын шаарында «Муздарды изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо» (IPROMO) аттуу эл аралык жайкы мектептин ачылышы болду. Бул иш-чара Кыргызстандын тоо маселелерин илгерилетүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана муздарды коргоо боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Жайкы курстар 7-июлга чейин уланат.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, IPROMO жайкы мектеби региондогу илимий жана эксперттик потенциалды бекемдөөгө маанилүү роль ойнойт. Ал Борбордук Азиядагы адистер арасында кесиптик байланыштарды түзүүгө жана муздарды сактоо жана тоо экосистемаларын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө жардам берет.
Мектеп муздарды сактоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана климаттык коопсуздук сыяктуу тармактарда билим жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа сунуштайт. Билим берүү программасынын алкагында лекциялар, практикалык сабактар, талаа изилдөөлөрү жана топтук долбоорлор каралган. Негизги максаттардын бири Борбордук Азия мамлекеттери ортосундагы регионалдык кызматташтыкты бекемдөө.
Президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова өз сөзүндө муздарды мониторингдөө жана коргоонун туруктуу өнүгүү үчүн стратегикалык ресурс катары маанилүүлүгүн белгиледи. Ал глобалдык климаттык сүйлөшүүлөр контекстинде тоо маселелерин илгерилетүү жана Кыргызстандын туруктуу тоо өнүгүүсү боюнча демилгелер тууралуу айтып берди.
Жайкы мектепте Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле УЦАнын ректору Кристофер Герри жана ФАО менен ОБСЕнин өкүлдөрү катышууда. Лекторлор катары Бельгия, Италия, Швейцария, Норвегия, Германия, Австрия, Кыргызстан жана Индиядан келген алдыңкы адистер жана илимпоздор чыгышат.