Кыргызстандын аялдар волейбол командасы (U-18) Тайланддын Накхонратчасим шаарында өтүп жаткан Princess Cup эл аралык турнириде Филиппиндер командасынан жеңилип калды. Бул тууралуу өлкөнүн волейбол федерациясы билдирди.

Соревнованиега сегиз команда катышууда, учурдагы матчтар группалык этаптын акыркы турунун алкагында өтүүдө.