Жумушчу сапар менен Грузияга барган Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү салык органынын иши менен таанышып чыкты. Сапардын негизги максаты Кыргызстан менен Грузиянын салык органдары арасында салык салуу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.
Сапар учурунда Шыкмаматов Грузиянын Каржы министрлигинин киреше кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушту. ГНСтин башчысы Грузияда салык жана бажы башкаруусунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ишке ашырылган ийгиликтүү реформалар үлгү алууга татыктуу экенин белгиледи.