Международный олимпийский комитет (МОК) спортчулар үчүн түз финансылык төлөмдөрдү киргизүүнү жарыялады, Олимпиада оюндарына катышкан ар бир катышуучу 10 миң доллар өлчөмүндө грант алууга мүмкүнчүлүк алды. "Fit for the Future Olympian Grant" деп аталган программа МОКтун 146-сессиясында Лозаннада сунушталды.
Баштапкы этапта гранттар 2026-жылы Милан жана Кортине-д’Ампеццо шаарларында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Бул чара спортчуларга карьерасы учурунда жана анын аяктаганынан кийин жардам берүү максатында иштелип чыккан жаңы "Fit for the Future" стратегиясынын бир бөлүгү.