Логистикалык инфраструктуранын өнүгүшү Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн негизги фактор болуп саналат, алар транзиттик пункттар катары гана эмес, товар агымдарынан экономикалык пайда алуу үчүн да кызмат кылышы керек. Бул пикирди Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) улук башкаруучу директору Алексей Скатин Алматыда банктын жылдык бизнес-форумунун алкагында «Тегиз Евразия: континенттердин кесилишиндеги логистика» сессиясында билдирди.
Скатин Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда бош складдык жайлардын жетишсиздигин белгиледи. Ал региондун эффективдүү иштеши үчүн транспорттук коридорлорду өнүктүрүү менен катар, складдар жана портторду эске алуу менен толук логистикалык инфраструктураны түзүү зарылдыгын баса белгиледи.