Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы 25-июнда Кемин районунун Подгорное айылында жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болгонун билдирди.Облустук милициянын маалыматында “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Суунун агымы катуу болгондуктан, машиненин ичиндеги адамдар сыртка чыга албай калышкан. Бул факты Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталды.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)...