Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлинин жолугушуусу өттү. Талкуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туруктуу өнүгүү жана маданият сыяктуу маанилүү тармактарды камтыган кыргыз-швейцар кызматташтыгынын келечегине көңүл бурушту.
Медер Абакиров Кыргызстан Швейцария менен мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, жогорку деңгээлде активдүү диалогдун зарылдыгын айтты. Элчи Сироко Мессерли, өз кезегинде, Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.