Хулигандыкка шектелгендер камакка алынды. Бул тууралуу 26-июнда Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Сводка АКИpress» редакциясына маалымдады.
Алар эки айга СИЗО-1ге жабылды.
Окуя 22-июнда «Гавайы» эс алуу зонасынын жанындагы айланма жолдо ок атуучу куралды колдонуп, чырдашкан 11 кармалган адамга байланыштуу. Конфликттин негизги себеби, Иссык-Ата районунун эки жашы жете элек тургуну — Кен-Булун айылынан жана Красная Речка айылынан болгон кыздын айынан чыккан талаш-тартыш болду.