26-июнга валюталар курсу

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-июнга чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун белгиледи. Берилген маалыматка ылайык, доллардын курсу 87,45 сом, евро — 99,40 сом, рубль — 1,16 сом, тенге — 0,18 сом, ал эми юань — 12,86 сомду түзөт.

Коммерциялык банктарда доллардын курсу орточо 87,38 сомду сатып алуу жана 87,80 сомду сатуу үчүн турат. Рубль боюнча болсо, аны 1,07 сомго сатып алышат, ал эми 1,17 сомго сатышат.