
Саякаттоо боюнча арызды чек араны кесип өтүүдөн 72 саат мурун жөнөтүү керек
2023-жылдын 1-июлунан баштап Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына барууну пландаштырган учурда «Госуслуги RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу алдын ала катталууга милдеттүү. МИД КРнын консулдук департаментинин орун басары Алмаз Байбосов бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Жаңы эрежелер жумушка, окууга же жеке максаттар үчүн саякаттоону пландаштырган бардык адамдарга тиешелүү. Россияга кирүү ниети тууралуу электрондук арыз чек ара контролунан өтүүдөн 72 саат мурун берилүүгө тийиш.
Анкетаны иштеп чыккандан кийин система 90 күн бою күчүндө болгон уникалдуу QR-кодду түзөт, аны чек арада паспорт менен көрсөтүү керек.
КРнын тышкы иштер министрлиги жарандарыбызды бул жаңы өзгөртүүгө көңүл бурууга чакырат, анткени мүмкүн болгон депортация же кирүүгө тыюу салуу сыяктуу жагдайлардан качуу үчүн.
Сүрөт www