Президент Садыр Жапаров бийлик мындан ары Кыргызстанда жер там салуу үчүн жер бөлүп бербей турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.Садыр Жапаров муну өлкөдө жылдан жылга жер тарып баратканы менен түшүндүрүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн айдоо жерлерин сактап калуу керектигин кошумчалады.“Биз 3-4 жылдан бери Бишкек, Ош шаарлары менен облустун борборлоруна ипотекалык үйлөрдү массалык түрдө салып...