

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын бул уюмдагы төрагалыгынын алкагында «Аялдардын лидерлиги» темасына арналган ШОС аялдар форуму өтүүдө. Иш-чаранын катышуучулары ШОС мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттик структураларынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, эксперттер, ошондой эле аял-предпринимательлер жана аялдар кыймылынын активисттери болуп саналат.
Форум аялдардын коомдук жана саясий лидерликтеги ролу, алардын экономикалык өнүгүүгө катышуусу, ошондой эле санариптик трансформация шартында пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп калат.