

Первомай районунда, Чүй проспекти, 124 дарегинде имараттын фасадын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча пландалган иштер башталды. Бул иш-чаралар объекттин техникалык абалын жакшыртууга, анын визуалдык жаңылануусуна жана архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактоого багытталган.
Проектке ылайык, штукатурка катмарынын оңдолушу, фасаддын декоративдик элементтерин калыбына келтирүү, боёо жана башка зарыл процесс жүргүзүлөт.
Имараттын көркөм оформлениесин сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ремонт аяктагандан кийин, Панфилов көчөсүнүн тарабында жайгашкан мурал өзүнүн оригиналдуу түрүндө калыбына келтирилет.