«Кыргыздар заводдордо иштегени келбейт», - деди Аскар Акаев

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев, Exclusive.kg басылмасына берген акыркы интервьюсунда, өзүнүн бийлиги учурунда ири өнөр жай объекттеринин жоктугунун себептерин түшүндүрдү. Ал бул маселени кыргыз элинин тарыхый жана маданий салттары менен байланыштырып өттү.


Акаевдин айтымында, кочмолук жашоо образы кыргыздарда өзгөчө менталитетти калыптандырган, андыктан аларга бир жерде узак убакыт бою иштөө кыйын, айрыкча, төмөнкү туруктуу эмгек акы менен.


«Кечирип коюшсун, бирок заводдо иштегени келбейт. Бул кочмол цивилизациянын өзгөчөлүгү», — деди мурдагы президент.



Эскерте кетсек, Аскар Акаевдин президенттиги учурунда 1990-2005-жылдар аралыгында Кыргызстан ири приватизацияны башынан өткөрүп, бул көптөгөн советтик заводдордун жана фабрикалардын жабылышына алып келген.


Сүрөт www